09:46
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Ысык-Көлдө өспүрүм баланын сөөгү табылды

Ак-Суу районунун Ак-Булак айылында 16 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул тууралуу «Азаттык» Ысык-Көл облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновго таянып кабарлайт. 

Маалыматка караганда, 9-апрель күнү Ак-Булак айылынын 16 жаштагы тургуну саат 13:00дө үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып барган эмес. Ата-энеси милицияга бүгүн, 10-апрелде кайрылган. Өспүрүм эртеси мектепке да келбегени аныкталган.

Издөө иштеринин натыйжасында өспүрүмдүн сөөгү 10-апрелде, түш ченде суунун жанынан табылды. Алгачкы текшерүүлөр боюнча, баланын денесинде тактар жок. Ал тоңуп каза болгону болжолдонууда.

Бул факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби