11:29
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Өспүрүмдөр жанын кыйып жатканы парламенттин депутаттарынын да тынчын алды

Кыргызстанда өспүрүмдөр арасында суицид күч алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйында Наталья Никитенке тынчсыздануусун билдирди.

Анын айтымында, ар бир мектепке психолог дайындоо керек. Алар окуучулар менен тыгыз иштеп маселенинин алдын алып турушу абзел.

«Статистика үрөйдү учурат. Ошто 12 жашар кыз асынып алды. Таласта 9-класстын окуучусу өмүрүн кыйыптыр. Атасы эки жашар баласын тепкилеген дагы бир коркунучтуу окуяга туш болдук. Азыр ал баланын апасы аталык укуктан ажыратуу боюнча арызын кайра кайтарып алып жатат экен», — деди Наталья Никитенко.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери Ош шаарында 300 өспүрүм өз өмүрүнө кол салууга аракеттенгени аныкталды. 20 өлүм катталды.

Эң көп окулган жаңылыктар