Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында 13 жашар кыз асынып алды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Алардын маалыматында, 6-класстын окуучусунун сөөгү 23-февралда табылган.
«Кыз кечинде сыртка чыгып кеткен. Үйүнүн кампасына асынып алыптыр. Денесинен зомбулуктун белгилери табылган жок. Тергөө жүрүп жатат» — дейт милиция.
Жыл башынан бери эле бир нече мектеп окуучусу жанын кыйды. Январь айында Кара-Сууда 7-класстын окуучусу, февралда дагы эки окуучу өз өмүрүнө кол салышкан.