08:42
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Коопсуздук кеңешинин жыйынтыгы. УКМКнын агенттигинин жетекчиси отставкага кетти

Улуттук коопсуздук кызматынын Жемкорлук менен күрөшүү агенттигинин директору Дүйшөнбек Чоткараев отставкага кетти. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат кызматы кабарлайт.

Эскерте кетсек, 8-февраль күнү президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп, өлкө башчысы күч жана укук коргоо органдарын сынга алган. Ал жемкорлукка каршы күрөшүүчү кызматтар өзү белчесинен жемкорлошкондуктан бул «илдет» менен күрөшүүдөн жыйынтык чыкпай жатканын айткан.

«Жемкорлук менен күрөшүү агенттигинин айрым кызматкерлери «кол тийбес» кастага айланды» — деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Эң көп окулган жаңылыктар