Өкмөт башчысы Сапар Исаков бүгүн Экономикалык кылмыш менен күрөшүү кызматын 25 жылдык мааракеси менен куттуктады.
Премьер-министр кызматтагы реформаларды белгилеп, өлкөнүн социалдык жана экономикалык өнүгүүсү үчүн иштөөгө чакырды.
«Башынан аягына чейин таза иштеген кишинин аты түбөлүктүү калат. Ал киши бактылуу. Мен дагы сиздерге бакыт каалайм» — деди премьер-министр.
Сапар Исаков мекеменин кызматкерлерине Ардак грамота, саат жана 6 жаңы «Нива» уунасын тапшырды.