14:18
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ошто Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнө карата эркектер арасында волейбол өтөт

Ошто Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата эркектер арасында волейбол жана баскетбол мелдеши өтөт. Бул тууралуу мэрия маалымдайт.

Ага катышууга Ош шаарында жайгашкан бардык каалоочу мекеме-ишканалардын, күч курамдардын, билим берүү, медицина жана коомдук уюмдардын кызматкерлери, шаардагы жогорку жана орто окуу жайларынын студенттери чакырылат.

Мелештин негизги максаты республикалык, эл аралык мелдештерге Ош шаарынан мыкты спортчуларды жана курама командаларды тандап алуу, спортту калк арасында пропагандалоо, аларды спорт менен машыгууга үнөө ошондой эле шаардыктардын маанайын спорт аркылуу көтөрүү болуп эсептелет.

Иш-чара 21-22-февраль күндөрү түштүк аймактык жаштар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби