Бишкек мэрия Эл аралык аялдар күнүнө даярдык көрүүдө. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуу порталында жарыя пайда болду.
Мэрия майрамга карата 850 миң сомго белек алат. Аларды 7-март күнү Улуттук филармонияга жеткирүү керек.
Жалпысынан 1 миң белек алынат. Ар биринде бирден жибек жоолук жана баркыттан кутуча болушу керек.