17:31
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Шаардык сот Аида Салянованы беш жылга эркинен ажыратты

Бишкек шаардык соту Ленин райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова беш жылга эркинен ажыратылды. Андан тышкары, үй-мүлкү конфискацияланат. Депутаттын жаза өтөө мөөнөтү 12 жылдан кийин кичи кызы 14 жашка чыкканда башталат.

Аида Салянова юстиция министри кезинде жактоочу Алексей Елисеевдин күбөлүгүн мыйзамсыз зартып берген деген айыбы менен соттолду.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума