07:39
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Мирзиеев биринчи жолу мамлекеттик сапар менен Тажикстанга барат

Тажикстан премьер-министринин орун басары Азим Иброхим баштаган өкмөттүк делегация Ташкентке барды. Алар Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Тажикстанга жасала турган алгачкы мамлекеттик сапарына даярдык көрүшөт.

Өзбекстан тышкы иштер министрлиги 4-феварлда эки элдин өкмөт мүчөлөрү президент Мирзиёевдин сапарын гана эмес башка олуттуу маселелерди дагы талкуулашарын маалымдады.

Мирзиёев Душанбеге жаз алды менен барат.

Өткөн айда өзбек премьер-министри Абдулла Арипов баштаган делегация Тажикстанда болгон. Өзбек өкмөт башчысын тажик президенти Эмомали Рахмон кабыл алган. Душанбеде Тажикстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык тууралуу өкмөттөр аралык комиссиянын бешинчи отуруму өткөн.

Шавкат Мирзиеев буга чейин Казакстан, Түркменстан жана Кыргызстанда расмий сапарлар менен болду. Өзбек лидери Борбордук Азия мамлекеттеринин ынтымагын бекемдөө максатын көздөрүн айтып келет. Тажик-өзбек мамилеси Ислам Каримовдун учурунда олку-солку болуп келген. Эки өлкө лидерлеринин ортосунда Самарканд жана Бухара шаарларын талаш, ГЭС маселеси боюнча келишпестиктер орун алган. 

Эң көп окулган жаңылыктар