11:35
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Үч жашар баласын кепкир менен сабаган энеге кылмыш иши козголду

Үч жашар баласын кепкир менен сабаган энеге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы билдирет.

Алардын маалыматында, 24 жаштагы А.Д. баласын кепкир менен сабап, наристе эс учун жоготкондо гана ооруканага алып келген.

«Ал балам тепкичтен түшүп кетти деп айткан. Баланын денеси көк ала болуп, мээсине кан уюп калган» — дейт ИИБ.

Баланын энеси камакка алынып, «Бейбаштык» беренеси менен (234) иш козголду. 2015-жылы туулган Бексултан учурда комада, абалы оор. 

Эң көп окулган жаңылыктар