00:46
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Бычак менен тап берип. Ысык-Ата районунда бейбаштыкка шектелген жаран кармалды

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунда бейбаштыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, РИИБга 39 жаштагы тургун арыз менен кайрылып, чала тааныш Марс аттуу кишиге чара көрүүнү суранган. Айтымында, Юрьевка айылындагы үйлөрдүн биринде шектүү меймандардын биринин денесине себепсиз эле залака келтирип, оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүп, бычак менен тап берген.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Окуяга шектүү катары 57 жаштагы Т.М. кармалды.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби