06:24
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкекте мас киши кафенин кардарларына жулунуп, милицияны тилдеди

Бишкекте мас абалдагы эркек киши кафенин кардарларына жулунуп, милициянын дарегине карата жаман сөздөрдү айтты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурмандар билдиришти.

Окуя 29-январь түнү болду.

Патрулдук милиция кызматынан билдиришкендей, арыз менен 20 жаштагы А.С. кайрылган. Ал кафеде чуу чыгарган киши аны сабап салганын айткан. Милиция шектүүнү кармады, ал 31 жаштагы Ж.А. болуп чыкты.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Эң көп окулган жаңылыктар