Тартип сакчылары коомдук транспортто кызга ыдык көргөзгөн адамды таап, кармашты. Бул тууралуу борбор калаанын ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Бир күн мурун, 2-февралда коомдук транспортто тартылган видео интернетке тараган, анда бир киши автобуста кыздын жамбашын кармаганы көрүнүп турат. Бул факты дароо маалымат журналына катталып, адамды издөө иштери башталган.
Бүгүн, 3-февралда Бишкек шаардык милициясы 36 жаштагы шектүүнү кармоо учурунда укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, каршылык көрсөтүп, сөгүп, коомдук тартипти бузган.
Ал Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилип, «Майда бейбаштык» беренеси боюнча административдик камерасына киргизилди.