21:14
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Темир Жумакадыровдун өлүмүнө айыпталган айдоочу 10 жылга эркинен ажыратылды

Мурдакы виц-премьер-министр маркум Темир Жумакадыров кабылган жол кырсыгы боюнча соттук териштирүү аяктады. Москва райондук соту КамАздын айдоочусу Автандил Таалайбек уулун 10 жылга эркинен ажыратты.

Андан тышкары, ал президентттик иш башкармалыгына дагы кызматтын уунага келтирген зыянын төлөп берет.

Эскерте кетсек, 7-октябрда Бишкек-Кара-Балта жолунун 36-чакырымында жол кырсыгында вице-премьер-министр Темир Жумакадыров бара жаткан ууна КамАЗ менен сүзүшүп кеткен. Темир Жумакадыров менен бирге, анын айдоочусу жана жардамчысы көз жумду.

Темир Жумакадыров 38 жашта болчу. Анын артында үч кызы калды.

Эң көп окулган жаңылыктар