11:08
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ислам Каримовдун небереси Улуу Британиядан саясий башпаанек сурады

Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовдун небереси жана Гүлнара Каримованын 25 жаштагы уулу Ислам Каримов Улуу Британия элчилигинен саясий башпаанек сурады. Бул тууралуу Би-би-синин өзбек кызматы кенже Каримовдун Лондондогу адвокатына шилтеме кылып билдирди.

Маалыматка караганда, Өзбекстандын маркум президентинин небереси саясий башпаанек берүү өтүнүчү менен элчиликке бир ай мурда кайрылган. Ал апасы Гүлнара Каримова мекенинде куугунтукка кабылгандан бери Улуу Британияда жашайт. Учурда Каримова Өзбекстанда камакта.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын былтыр жайындагы билдиргенине караганда, Ташкент шаардык соту 2015-жылы августта Каримованы опузалоого, акча уурдоого жана салык төлөөдөн качууга күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыраткан.

Кийинчерээк Өзбекстанда Гүлнара Каримовага каршы жаңы кылмыш иши ачылган. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, ага алдамчылык, чет өлкөлүк валютаны жашыруу, бажы мыйзамдарын бузуу жана кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди адалдоо беренелери менен айып тагылган.

Эң көп окулган жаңылыктар