11:07
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Жогорку Кеңешке 2017-жылы 762,6 миллион сом сарпталды

2017-жылдын бюджетинен Жогорку Кеңешке 762,6 миллион сом сарпталды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирет.

Алардын маалыматында, 474,05 миллион сом айлык акыга чыгымдалган. Анын 221,5 миллиону парламентте эмгектенген депутат жана кызматкерлердин жыл ичинде алган сыйлык жана маянасына кошумча төлөмдөр, 92,7 миллион сому айлыктын үстүнө төлөндү. Айлык акысы 156 миллион сом болду.

89,9 миллион сомду товар жана кандайдыр бир кызматка чыгымдаган. Кызматтык сапарга 18,1 миллион сом, телефондук байланышкан 9,6 миллион сом короткон.

Эң көп окулган жаңылыктар