12:55
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Суроо-жооп. Эмне үчүн Кыргызстан мусулмандары Абу ханафи мазхабына таянышат?

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Мазхаб деген эмне? Эмне үчүн биздин өлкөнүн мусулмандары Ханафит мазхабына таянышат?

Жооп: Мазхаб — бул исламдагы укуктар тууралуу мектептер, же багыттар десек болот. Негизинен бул сөздү арабчадан которгондо дагы кимдир бирөөнүн багытына кошулуу катары түшүндүрүлөт.

Суннит мусулмандарынын арасында төрт мазхабды белгилешет: ханафит, маликит, шафиит жана ханбалит.

Мазхабтар арасында ислам мыйзамдары, укуктары, хадисттер боюнча пикир келишпестиктер бар. Мазхаб ал кайсы бир диний аалымдын, же диний аалымдардын тобунун окууларына, насааттарына карата бөлүнөт.

Мисалы, Борбордук Азия мамлекеттери көп жылдан бери эле ханафит мазхабына кирет. Анткени, алар кайсы бир маселени талкуулоодо белгилүү диний аалым Абу-Ханифанын жана анын шакирттеринин окууларына таянат.

Эң көп окулган жаңылыктар