07:05
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Суроо-жооп. Жаран өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдөө милдеттүү эмес

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Милиция агамдын үйүн тинтүү учурунда 100 грамм марихуана таап алды. Эми аны баңги зат сатуучу катары айыптап жатышат. Бул мыйзамдуубу? Биз агамдын баңги зат сатпаганын кантип далилдесек болот.

Жооп: Баңги затты сатуучу, таркатуучу катары айыптоо үчүн (Кылмыш кодексинин 247-беренеси) аны

сатканын далилдөө керек. Эгер маң затты бирөөгө сатканын далилдей албаса, анда ага 246-берене менен баңги затты мыйзамсыз сактоо, сатып алуу айыбы тагылышы зарыл.

Негизинен эч бир жаран өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдөөгө милдеттүү эмес. Укук коргоо органдары айыптап жаткандан кийин алар далил топтоп, аны сотто ырастап берүүсү керек. Айыпталуучу тарап, коргонуп, укук коргоо органдарын жүйөсүн четке кага алат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума