18:37
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкек-Ош жолундагы кырсыкта 2 тонна дизель майы төгүлдү

Бүгүн Бишкек-жолунун 386-чакырымында «DAF» үлгүсүндөгү мамлекеттик № 04KG411АС күйүүчү май ташычуу унаа жолдон чыгып, оодарылып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

Кырсык Жалал-Абад-облусунун Кара-Көл шаарында болду. Унаанын ичинде болжол менен 37 тонна солярка болгон, анын ичинен 2 тоннасы төгүлгөн.

Окуя болгон жерде КР ӨКМнин Кара-Көл шаардык № 94 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган.

Эң көп окулган жаңылыктар