08:51
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Кадамжай районунда жаңы мечит ачылды

Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында жаңы мечит ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү маалымдайт.

Калктын санынын өсүшү менен Үч-Коргон айылында жаңы мечит куруу муктаждыгы жаралып, эски мечиттин ордуна «Ассалом» Коомдук уюму тарабынан бардык шарты бар мечит курулуп, пайдаланууга берилди.

Маалыматта мечитти тургузууга 5,5 миллион сом жумшалгандыгы айтылат.

Эң көп окулган жаңылыктар