12:11
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Парламент депутаттарынын экинчи аялы тууралуу маалыматты ИИМ текшерип жатат

Парламент депутаттарынын экинчи аялы тууралуу маалыматты ИИМ текшерип жатат. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине «Кылым шамы» укук коргоо борборунун директору Азиза Абдрасулова бидирди.

Укук коргоочу Башкы прокуратурадан мурдакы муфтий Чубак ажы Жалиловдун билдирүүсү боюнча катына жооп алды. Анда депутаттардын экинчи никеси боюнча маалыматты ИИМ текшерип жаткандыгы айтылат.

Эскерте кетсек, Чубак ажы Жалилов өзүнүн экинчи аялы боюнча билдирүүсүнөн кийин өлкөдө абройлуу инсандар, депутаттар жана саясатчылардын дагы 2-3төн аялы бар экенин жарыялаган. Алардын никесин өзү кыйгандыгын айткан.

Азиза Абдрасулова Жогорку Кеңештин 120 депутатына кат жөнөтүп, кош никесин бар экенин жокко чыгаруу, же тактоону суранган. Укук коргоочуга бир да депутат жеке өзү жооп берген жок.

«Мен «Ата-Мекен», КСДП фракцияларынан жана Мирлан Жээнчороев жетектеген комитеттен жооп алдым. Алар менин катымды ИИМ менен Башкы прокуратура жөнөтүптүр. Башкы прокуратура ИИМ текшерип жатканын айтып жообун берди. Мыйзам боюнча менин суроомо депутаттар бир айда жооп бериш керек. Дагы бир жума бар. Бирок, мындай маселе парламенттин фракциялык жыйынында жана комитеттинде талкууланып жатканы дагы жакшы» — дейт Азиза Абдрасулова.

Эскерте кетсек, бүгүн эле Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Чубак ажи Жалиловго карата эч кандай иш козголбогонун, аялы Гүлнур Жалилованын арызы боюнча дагы иш козголо электигин маалымдаган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума