09:02
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Бали, Египет... Шоу-бизнес жылдыздары кышкы эс алууну кайсы жерде өткөрдү?

Шоу-бизнес жылдыздары күзгү той сезонун жыйынтыктап, айрымдары жаңы-жыл алдында, айрымдары андан кийин эс алууга киришти. Эс алууунун кандай өткөрүп жатышкандыгына Instagram баракчасына жүктөлгөн сүрөттөр аркылуу күбө болсок болот.

2017-жылы жеке жашоосундагы өзгөрүүлөргө байланыштуу жаңылыктардын сап башында болгон Гүлнур Асанова Тайландда эс алып кайтты. Ал бул өлкөнүн жаратылышына суктануусун билдирди.

instagram баракчасынан алынды
Фото instagram баракчасынан алынды. Гүлнур Асанова

Анжелика Бекболиева мурдакы устаты Айчүрөк Иманалиева менен талашын, ушак-айың кептерди, коомдук талкууну өжөрлүгү, эмгекчилдиги менен жеңди шекилди. Ырчы, ишкер, продюссер, алып баруучу айым жомоктогудай кооз жерде эс алып жатканын жарыялаган. Ал Балиде күч топтоп, андан ары Дубайга келип, «Бактылуу айым» теледолбоорунун клубун ачты.

Айбек Карымов үй-бүлөсү менен Египетте эс алышты. Анын ырчы аялы Гүланда кооз жерлерден сүрөттөрдү жүктөгөн.

instagram баракчасынан алынды
Фото instagram баракчасынан алынды. Гүланда

Алар менен чогуу ырчы Роза Шакирова жана Өктөм Сапар уулу дагы Египеттин Пирамидаларын көрүп кайтышты.

Эң көп окулган жаңылыктар