16:42
USD 68.16
EUR 80.04
RUB 1.09

Мүчөл жаш саясатчылар үчүн сынообу?

Ырым-жырым жөнүндө жакшы билген тууган-туушкандар адатта «мүчөл жашың экен, кызыл кийим кий» деп айтып калат. Кээ бирлердин баамдоосунда, бул курак өтө опурталдуу болот: чоң ийгилик, же тескеринче жоготууларга алып келиши мүмкүн.

А чындыгында кыргыз эли туулган күнүн жыл сайын эмес, мүчөл курагында гана белгилегендиктен гана бул жылга көңүл бөлүп, торколуу жашка жетип жаткандыгы үчүн тойлоп, же кайрымдуулук кылып коюшкан. Анткен менен дагы эле балдарына (12 курагында) этият болуп, ооруу-сыркоодон алыс кармоого аракеттенген чоң-апалар бар. 

Ит жылында төрөлгөн дымактуу саясатчылар

Эгер элдик кепке ишенсек, анда Сооронбай Жээнбековго өзүнүн президенттик кызматынын биринчи жылындагы оор милдеттер менен бирге мүчөл жашына байланыштуу дагы сыноолор күтүп турат.

Сооронбай Жээнбеков үчүн өткөн тоок жылы абдан ийгиликтүү болуп, премьер-министрликтен мамлекеттик башкарууга өттү. Ал 2018-жылы 60 жашка чыгып, бешинчи мүчөлгө жетет.

Айтмакчы президенттик шайлоодо эки ит жылында төрөлгөн талапкер атаандашты. Бирок, тоок дагы бир саясатчы, президентикке талапкер Өмүрбек Бабанов үчүн оор жыл болду. Ал шайлоодо утулуп, парламенттик фракциянын лидери ордунан кол жууп, айрым мүлктөрүн жоготуп алуу коркунучунда турат. Өмүрбек Бабанов 2018-жылдын май айында 48ге, төртүнчү мүчөлүнө чыгат.

Эгер Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге каршы иш козголбосо, президенттикке ит жылында төрөлгөн үчүнчү талапкер ат салышмак. Ал жаңы жылда 60ка чыгат. Тоок жылында түрмөгө камалган саясатчы, балким мүчөл жашына жетпей азаттыкка чыгып калар. «Ата-Мекен» партиясынын лидеринин туулган күнү 22-декабрда.

Тоок жылында жылдызы жангандар

Парламенттин «Бир-Бол» фракциясынын депутаты Аскарбек Шадиев үчүн төртүнчү мүчөл жылы ийгиликтүү болду. Аскарбек Шадиевдин бактысына Констиуцияга киргизилген өзгөртүү күчүнө кирип, ал депутаттык мандатынан айрылбай туруп, аткаруу бийлигине ишке өтүп, биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалды.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова дагы 2017-жылдын август айында төртүнчү мүчөлүн тосту. Мүчөл жашында Чолпон Султанбекова ээрде бекем кармалып, өкмөт алмашса дагы 2016-жылы дайындалган ордун жоготкон жок. Ага улай, Памирдеги 33 кыргызды мекенине көчүрүп келип, чоң ишти аткарып, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болду.

Тоок жылында төрөлгөн депутат Садык Шер Нияз дагы төртүнчү мүчөлүнө капаланбаса керек. Депутат-режиссер быйыл Азия кинолорунун фестивалын АКШда ийгиликтүү өткөрүп алды. Ага бир катар Голливуд жылдыздары келишти.

Опурталдуу мүчөл жаш

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Алманбет Шыкматов быйыл 48 жашка толуп, төртүнчү мүчөлүн белгиледи. Депутат үчүн мүчөл жылы оор жыйынтыкталды. Жакында эле, сот Биринчи май райондук соту, аны жемкорлук айыбы боюнча күнөөлүү деп таап, 5 миллион сом айып пул салды.

Айтмакчы, «Ата-Мекендин» дагы бир быйыл камалган мүчөсү Райкан Төлөгөновго каршы мародерлук боюнча иш 2012-жылы, анын мүчөл жашында пайда болгон. Ошол эле жылы үчүнчү мүчөлүн тоскон парламенттин V чакырылышынын вице-спикери, азыркы депутат Талант Мамытовго дагы иш козголгон.

2017 менен бирге Депутаттардан Иса Өмүркулов бешинчи мүчөлүн узатса, 2018-жылда Айнура Алтыбаева бешинчи мүчөлүн, Азамат Арапбаев менен Алмазбек Баатырбеков төртүнчү мүчөлүн тосуп алуу алдында турат.

Эң көп окулган жаңылыктар