20:57
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Суроо-жооп. Айрым имамдар Жаңы-жылды арам дешет, аны тосууга болобу?

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Айрым имамдар Жаңы-жылды арам дешет, аны майрамдоого жана тосууга болобу?

Жооп: Майрам бир нече түргө бөлүнөт: мамлекеттик, эл аралык, диний жана башка. Ар бир майрамдын өзүнүн тарыхы жана каада-салты бар. Албетте, бир диндин өкүлдөрү экинчи динге тиешелүү майрамды белгилөөгө милдеттүү эмес. Болгону, башка диндеги тааныштарыңыз болсо, майрамы менен куттуктап койсоңуз күнөө болбойт го деп ойлойбуз. Бул сабырдуулуктун бир түрү.

Ал эми Жаңы-жыл — бул светтик майрам. Негизинен светтик жана эл аралык майрамдарды майрамдоону ар бир адам өзү чечет.

Эң көп окулган жаңылыктар