12:18
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Мирзиёевдин кызы Өзбекстан өкмөтүндө кызматка дайындалды

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кичүү кызы Шахноза Умарова Мектепке чейинки билим берүү министрлигинде жооптуу кызматка дайындалды. Министрлик быйыл 30-сентябрда президенттин жарлыгы менен түзүлгөн.

31 жаштагы Шахноза Умарова мектепке чейинки билим берүү системасын реформалоого жооптуу. 18-декабрда Шавкат Мирзиёев өткөргөн селектордук жыйында Шахноза Умарова өлкөнүн мектепке чейинки билим берүү министри Агриппина Шиндин жанында отурган.

Анда Шавкат Мирзиёев Өзбекстандагы балдар бакчаларына тарбиялануучулардын социалдык, инсандык, эмоционалдык, психологиялык жана чыгармачылык өнүгүүсү боюнча окуу программалары киргизилбегенин билдирди. «Кыскача айтканда, балдар бакчасы билим берүүчү эмес, ата-энелер жумушта жүргөн маалда балдарды карап турчу гана мекеме болуп калды», — деди Мирзиёев.

Мектепке чейинки билим берүү министринин орун басары Кахрамон Арипов өлкөдө Түштүк Кореянын тажрыйбасына негизделген бала бакчалар түзүлөрүн билдирди. «Алар анча чоң болбойт. 50, 100 жана 150 балага ылайыкташтырылган мектепке чейинки билим берүү мекемелери катары ачылат», — деди ал.

Маалыматка караганда, Шавкат Мирзиёеев президент болуп шайланганга чейин Шахноза Умарова бир канча жыл Түштүк Кореяда жашап келген. Айрым өзбек ММКлары кабарлагандай, анын жолдошу Отабек Умаров президенттин жеке жансакчысы болуп иштейт. Жыл башында Eltuz.com интернет-басылмасы Мирзиёев кичүү күйөө баласын президенттин Коопсуздук кызматына жумушка алганын жазган. Сайттын маалыматына караганда, Отабек Умаров анда мамлекет башчынын Коопсуздук кызматынын төрага орун басары кызматына дайындалган.

Эң көп окулган жаңылыктар