05:48
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Мамлекеттик органдарда ички кагаздардын 17-20 пайызы кыргыз тилинде жүргүзүлөт

Кыргызстанда мамлекеттик органдарда ички кагаздардын 17-20 пайызы гана кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин «Республика -Ата-Журт» фракциясынын жыйынында айтылды.

Тышкы иштер министрлигинде ички кагаздардын 10 пайызы, ИИМде 15 пайызы, Юстиция министрлигинде 25 пайызы мамлекеттик тилде жазылат.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын билдирүүсүндө, эл аралык келишимдердин расмий тилде, укуктук-ченемдик актылар эки тилде жазылышы керек.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума