00:58
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Суроо-жооп. Радикалдуу топтун мүчөсүн ата-энелик укугунан ажыратууга болобу?

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Ата-энесинин бирөөсү диний радикалдуу топтун мүчөсү болсо, аны ата-энелик укугунан ажыратууга болобу?

Жооп: Ал үчүн мамлекеттик органдарга расмий катталган никени ажыраштырыш керек. Тергөө органдары баланын ата-энесинин бирөө өлкөдө тыюу салынган диний радикалдуу топтун мүчөсү экендигин далилдесе, ал жаран соттолот. Ошондо, соттун чечиминин негизинде гана жарандык сотко кайрылып, аны ата-энелик укугунан ажыратуу өтүнүчүн көтөрүүгө болот. Соттун чечимисиз күнөөлөгө жана ата-энелик укуктан ажыратууга болбойт.

Негизинен мыйзам боюнча да, исламда дагы баласын 17 жашка чейин багып, чоңойтуу милдет.

Эң көп окулган жаңылыктар