05:41
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Арак сатылбайт, салют атылбайт... жаңы жылга карата дагы кандай чектөө болот

Жаңы жыл эң бир кооз, жомок жана ошол эле мезгилде көп чыгымды талап кылган майрам. Ашыкча шаан-шөкөт менен белгиленген майрамга карата айрым өлкөлөрдө чектөөлөр киргизилет.

Мисалы, Украинанын борбор шаары майрамдык салюттан баш тартты. Бирок, бул үнөмдө үчүн эмес, 2014-жылдан бери өлкөнүн эки облусунда жүрүп жаткан куралдуу каршылыктан улам Киев 31-декабрда салют атпайт.

Ал эми Москвада 30-декабрдан 9-январга чейин спирттик ичимдиктерди сатууга чектөө киргизилет. Бул чечимди шаар бийлиги 2000 -жылы кабыл алган.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды. Москва

Бишкекте эч кандай чектөө болбойт. Бул жылы Бишкек жаңы-жылдык иш чараларга 30 миллион сомдон ашык бөлдү. Ага шаарды жана Ала-Тоо аянтынын жасалгасы дагы кошулат.

Өзбекстанда майрам алдында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги балатаны туура орнотуу боюнча кеңешин берип баштады.

Ал эми Тажикстанда Жаңы жыл акыркы жылдары гана кайра жанданып баштады. Көпчүлүк тажикстандыктар бул майрамды белгилешпейт. Анткен менен Душанбеде биринчи жолу светодиоддук 25 метрлик балаты орнотулду.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды. Душанбе

Эң көп окулган жаңылыктар