Алмаз Ажыгулов УКМК төрагасынын орун басары — УКМКнын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Ажыгулов Алмаз Алиаскарович Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары — Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору болуп дайындалды.
Алмаз Ажыгулов буга чейин да улуттук коопсуздук органдарынын системасында иштеп, санариптик коопсуздук жана маалыматтык инфраструктураны коргоо маселелери менен алектенген.
Буга чейин бул кызматты Уранбек Шадыбеков ээлеп келген. Ал бул кызматка 2026-жылдын февраль айында дайындалган болчу.

