15:10
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Балдардын жайкы эс алуусуна 15 миллион сомго жакын каражат бөлүндү

Кыргызстанда балдардын жайкы эс алуусуна 15 миллион сомго жакын каражат бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде өткөн кеңешмеде Балдарды коргоо башкармалыгынын башчысы Гүлмира Окоева билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Алтын балалык» реабилитациялык борборунда республиканын бардык аймактарынан келген аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, жетим балдар жана майыптыгы бар балдар эс ала алышат. Биринчи топ 10-июндан тарта башталат.

«Кезек чоң, каалоочулар абдан көп. Ошондуктан жолдомолорду адилеттүү бөлүштүрүү максатында, бир эле балдар жыл сайын эс алууга бара алышпайт. Жолдомонун баасы кымбаттаганына байланыштуу, ден соолугун чыңдоого жөнөтүлө турган балдардын саны бир аз азайды. Балдарга социалдык кызматкерлер бекитилди. Ал эми майыптыгы бар балдарды ата-энелери коштоп жүрсө болот», — деди Гүлмира Окоева.

Ал белгилегендей, борбордо ийримдер, компьютердик сабактар, англис тили курстары жана башка иш-чаралар каралган.

Эмгек министрлигинин башчысы Канат Сагынбаев эс алуунун коопсуздугу маанилүү экенин баса белгиледи. Ал бул процессти алтымыштан өзү барып, жеке көзөмөлүнө аларын убада кылды.

Эң көп окулган жаңылыктар