06:30
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Ар бир министрде санариптүү өнүгүү боюнча орун басары пайда болот

Ар бир министрде санариптүү өнүгүү боюнча орун басары пайда болот. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков «Таза коом» эл аралык жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 25 министрдин орун басары даярдалып жатат. Аларды тандоодо өзгөчө көз-карашына жана реформалоого даярдыгына көңүл бөлүндү.

«IT-директор — бул айтишник эмес. Бул эл аралык уюмдарда иштеген жаш адистер. Алардын максаты өлкөнү өнүктүрүү», — дейт Сапар Исаков.

Санариптүү өнүгүү боюнча орун басарлар министрлерге «Таза коом» программасын ишке ашырууга көмөктөшөт.

Эң көп окулган жаңылыктар