11:24
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кыргызстанда ооруканалар бейтаптарды электрондук каттоого алып баштайт

Кыргызстанда ооруканалар бейтаптарды электрондук каттоого алып баштайт. Бул тууралуу маалыматты республикалык инфекциялык оорукананын башкы даарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

Анын айтымында, 80 даана комппьютер сатып алуу пландалууда. Ага 2 миллион 925 миң сом чыгымдалат.

«Өкмөт иш кагаздарын электрондоштурууга өтүп жатат. Биз дагы бейтаптардын ооруу тарыхын электрондоштурабыз. Мына ошого компьютер сатып алып жатабыз», — деди ал.

Гүлжигит Аалиевдин айтымында, азыр компьютерлери компьютерди колдонуу боюнча окуудан өтүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар