18:14
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Курулушу урап түшкөн «Авангард-стиль» компаниясына айып салынды

Бишкек шаарынын А. Токомбаев көчөсүндө урап түшкөн имараттын курулушу боюнча мекемелер аралык комиссиянын иликтөөсү аяктады.

Комиссиянын бүтүмүндө, курулушту жүргүзүп жаткан «Авангард Стиль» жана «Ашыров А» ишканалары

коопсуздук чараларын бузгандыгы айтылат. Эки ишканага 30 миң сом айып пул салынды.

Эскерте кетсек, 23-октябрь күнү Аалы Токомбаев көчөсүндө жаңы курулуп жаткан үйдүн жанындагы курулушу урап түшкөн. Анда 11 жумушчу жабыркаган. 

Эң көп окулган жаңылыктар