21:14
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жумгалда окуучуларды кемсинткен мугалим иштен алынды

Жумгалда окуучуларды кемсинткен мугалим иштен алынды. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги маалымдайт.

Алардын айтымында, Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы Крупской атындагы мектептин мугалими Перизат Курманкожоева педагогдун кадыр-баркына доо кетиргендиги үчүн иштен алынды.

«Мугалим мектептеги бир кечеге тамак алып келбеген балдарды, кемсинтип, «силер кедейсиңер» деп урушкан», — дейт министрлик.

Аталган мектептин директоруна сөгүш жарыяланды.

Буга байлныштуу билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева мугалимдерди педагогикалык этиканы сактоо талабы менен буйрук чыгарып, аны өлкөдөгү баардык мектептерге жөнөттү. Буйрукта ар бир мектепте мугалимдердин чогулушун өткөрүп, тааныштыруу тапшырмасы да коюлат.

Эң көп окулган жаңылыктар