05:42
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстан айдоочулук күбөлүктү эми өзү жасайт

Кыргызстан айдоочулук күбөлүктү эми өзү жасайт. Бул тууралуу парламенттин жыйынында премьер-министр Сапар Исаков билдирди.

Анын айтымында, азыр айдоочулук күбөлүктү өкмөт менен келишимдин негизинде жек инвестор чыгарат.

«Эгер биз аны менен келишимди үзсөк, анда ал бизди эл аралык сотко берет. Чыгашасын төлөп берүүгө аргасыз болобуз. 2018-жылы келишим мөөнөтү аяктайт экен. Ошондон кийин өзүбүз чыгарып баштайбыз» — деди Сапар Исаков.

Депутат Рыскелди Момбековдун маалыматында, айдоочулук күбөлүк 800 сом, ID-карта 196 сом турат.

Эң көп окулган жаңылыктар