Жогорку сот Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен мурдакы элчи Дүйшөн Чотоновго чыккан Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык сотунун өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу чечим кечээ чыгарылды.
Өмүрбек Текебаев «жемкорлук» беренеси менен айыптуу деп табылды. Ага 8 жыл чегерилип, бирок, сот мунапыс колдонуп, жаза өтөө мөөнөтүн 4,5 жылга кыскартты.
«Ата-Мекен» партиясынын лидеринин жактоочулары БУУнын адам укуктары боюнча комитетине кайрылышмакчы. Алардын айтымында, иш саясый себеп менен козголуп, адам укугун тебелөөдө.