20:02
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Алмазбек Атамбаев журналистке кол саатын тартуулады

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүнкү жыйынтыктоочу маалымат жыйында журналистке кол саатын тартуулады.

Жыйында «Де-факто» гезитинин редактору Амантур Мусагулов, Атамбаевге түшүн айтып берди.

«Түшүмдө мен сиздин саатыңызды тагып жүрүптүрмүн» — деди ал.

«Иним дагы жакшы күрмөмдү сурабадың» — деп, өлкө башчысы саатын чечип берди.

Алмазбек Атамбаевдин жыйынтыктоочу маалымат жыйынына 140 журналист катышты. Маалымат жыйын эки саатка уланды. 

Эң көп окулган жаңылыктар