06:17
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Сооронбай Жээнбековдун төш белгиси Атамбаевдыкынан айырмаланбайт

Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековго штандарт жана төш белги даярдалууда. Бул тууралуу «24.kg« агенттигине Боршайкомдун мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, Жээнбековдун төш белгиси Алмазбек Атамбаевдыкына окшош болот.

«Мыйзам боюнча президент кызматтан кетип жатып, өзүнүн штандарттын жана мамлекеттик бийлигинин белгисин ала кетет. Жаңы президенттин төш белгиси дагы мурдакы эскиз менен даярдалат. Болгону аты-жөнү, шайланган жылы жана мөөнөтү жаңыдан жазылат», — дейт Абдыжапар Бекматов.

БШК мүчөсү аларга канча акча жумшаларын ачыктаган жок. Инаугурацияга бөлүнгөн каражаттын эсебинен жазаларын гана кошумчалады.

«Канча акча кетерин кийинчерек айтабыз. Азыр эсептеп чыгып жатабыз», — деди Абдыжапар Бекматов.

БШК президенттин күбөлүгүн үлгүсүн да жактырды.

Президенттин төш белгиси Кыргызстанда 2005-жылы пайда болду. Аскар Акаев 15 жыл штандарт жана өздүк белгиси жок эле иштеген. Курманбек Бакиевге 2005 жана 2009-жылы төш белги жасалган. 2005-жылы президент 24 бөлүктөн турган алтын жана күмүштөн жасалып, бриллиант менен кооздолгон төш белгиге ээ болот. Инаугурациянын уюштуруу тобунун жетекчиси Адахан Мадумаров, президенттик белгиси үчүн бир унаанын акчасы сарпталганын айткан. 2009-жылы азем буюмдун бөлүктөрү жетиге кыскартылат.

2010-жылы Роза Отунбаева дагы 1,5 жылдык кызматына киришип жатып, төш белги жасаткан. Аныкы бриллиант эмес, бермет менен кооздолгон.

Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрда өтөт. Ага 13,1 миллион сом сарпталарын финансы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

Алмазбек Атамбаевдин 2011-жылдыг 1-декабрдагы инаугурациясы 10 миллион сомго өткөн. 2005 жана 2009-жылы Курманбек Бакиевдин инаугурациясы 20 миллион сомдой чыгымдалган.

Эң көп окулган жаңылыктар