USD87.45EUR97.87RUB1.02
24.kg

Өкмөт Жол кайгуул кызматынын аталышын өзгөртөт

Анастасия БЕНГАРД
16:59, 10 ноября 2017, Бишкек - 24.kg

Жол кайгуул башкы башкармалыгы жоюлат. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн жол кырсыктары боюнча жыйынында премьер-министр Сапар Исаков билдирди.

Анын айтымында, Жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалык түзүлөт.

«Анын баары азырынча сыр, андыктан көп маалымат бере албайм», — деди өкмөт башчысы.

Белгилүү болгондой, жаңы мекемеге жаңы кызматкерлер ишке алынат. Аларга ар бир аймак бөлүнүп берилип, жоопкерчилиги күчөтүлөт.

Эскерте кетсек, Жол кайгуул кызматы 2016-жылы түзүлгөн.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика