2017-жылдын тогуз айында адам сатуу боюнча төрт окуя катталды. Анын экөө чет өлкөдө болду. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда айтылды.
Миграция кызматынын статс-катчысы Нурлан Шериповдун маалыматында, 2013-жылы 9 адам сатуу фактысы катталып, 13 киши кылмыш жоопкерчилигине тартылган. 2014-жылы адам сатуу боюнча 20 кылмыш иши козголот. 2016-жылдын алты айында эле жети иш ачылып, алты киши жазага тартылат.
Парламент адам сатуунун алдын-алуу жана ага каршы күрөшүүгө багытталган мыйзам долбоорду экинчи окууда карап жатат.