09:38
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Трамптын күйөө баласы Сауд Арабиясына жашыруун сапар менен барды

АКШ президенти Дональд Трамптын күйөө баласы жана анын жакын кеңешчиси Жерард Кушнер Сауд Арабиясына алдын ала жарыяланбаган сапар менен барды. Бул маалыматты ал кайтып келгенден бир күн өткөндөн кийин Ак үйдөн ырасташып, Кушнердин сапары шаршембиден шейшембиге чейин созулганын билдиришти.
Кушнер президенттик администрацияда Жакынкы Чыгыш багытындагы маселелерди жетектейт. Сапарда аны улуттук коопсуздук боюнча жардамчысынын орун басары Дина Пауэлл жана Жакынкы Чыгыштагы атайын чабарман Жейсон Гринблатт коштоп жүргөн. Гринблаттын Сауд Арабиядан тышкары Каир, Амман, Иерусалим жана Рамаллуга дагы баргандыгы кабарланууда.

Ак үй Кушнердин Сауд Арабиясында ким менен жолукканын ачыктаган жок. Администрациянын билдирүүсүндө болгону израилдиктер менен палестиндиктердин тынчтыкка жетишүүсүнө көмөктөшүү боюнча президенттин аракеттери гана белгиленген. Ошол эле маалда Кошмо Штаттар бул жараянда ортомчу гана болуп, өз дипломатиясы менен тараптар ортосундагы түз сүйлөшүүлөргө аралашууга ниеттенбегени айтылган.

Жерард Кушнер Сауд Арабиясына ушуну менен үчүнчү жолу барды. Буга чейинки августтагы сапарынын жүрүшүндө ал Израилдин премьер-министри Нетаньяху жана Палестинанын президенти Махмуд Аббас менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Эң көп окулган жаңылыктар