05:03
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бакытжан Сагинтаев: Чек арадагы аракеттер Кыргызстанга карата багытталган эмес

«Чек арадагы иштер Кыргызстанга карата багытталган эмес» — деп Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев бүгүн Ереванда ЕАЭБтин өкмөттөр аралык кеңешмесинде билдирди.

«Биз болгону салыктын жоготууларды азайтууну көздөп жатабыз. Бул биздин башка өнөктөштөрүбүзгө дагы тиешелүү», — деди ал.

Бакытжан Сагинтаев ЕАЭБтин аймагындагы Кытай товарларынын импорту боюнча маалымат берди.

Сапар Исаков кыргыз өкмөтү өзүнчө билдирүү жасарын айтып өттү.

Эң көп окулган жаңылыктар