«Чек арадагы иштер Кыргызстанга карата багытталган эмес» — деп Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев бүгүн Ереванда ЕАЭБтин өкмөттөр аралык кеңешмесинде билдирди.
«Биз болгону салыктын жоготууларды азайтууну көздөп жатабыз. Бул биздин башка өнөктөштөрүбүзгө дагы тиешелүү», — деди ал.
Бакытжан Сагинтаев ЕАЭБтин аймагындагы Кытай товарларынын импорту боюнча маалымат берди.
Сапар Исаков кыргыз өкмөтү өзүнчө билдирүү жасарын айтып өттү.