14:22
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Ага-ини Жээнбековдор төрт жыл ичинде канча акча тапты?

«24.kg» агенттиги президенттик шайлоодон утуп чыккан Сооронбай Жээнбековдун бир туугандарынын байлыгын эсептөөгө аракет кылды. Албетте, так байлыгы боюнча маалыматтар жок. Андыктан мамлекеттик кадр кызматынын сайтынан Жээнбековдордун 2013-жылдан бери тапшырган декларациясын карап чыктык.

Сооронбай Жээнбековдун тракторлору

Эң кызыгы Мамлекеттик кадр кызматынын сайтында Сооронбай Жээнбековдун киреше жана чыгашалары тууралуу маалыматтары алынып салынган. Декларациянын «Кыргызстандын жетекчилери» бөлүмүндө Сооронбай Жээнбековдун ысмы жок. Бул жылдары ал Ош облусун жетектеген.

Бирок, анын декларациясын жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялаган. 2013-жылы ал 483 миң сом иштеп тапкан. Жеке мүлкү катары ал трактор МТЗ-80ди көрсөткөн. Туугандары 2013-жылы 4,6 миллион сом киреше алышкан.

Ал эми 2014-жылы Сооронбай Жээнбеков эки кызматта олтуруп, Ош облусун жетектөөдөн, өкмөт башчылыгына которулган. Бул жылы анын кирешеси өсүп, 551 миң сом тапкан.

Декларация боюнча бир туугандарынын ичинен Жусупбек Шарипов байыраак. Ал Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси болгон жылдары кирешеси 1-3 миллион сомду түзгөн.

Макаланы толук бул жерден окуй аласыз.

Эң көп окулган жаңылыктар