USD87.45EUR97.88RUB1.03
24.kg

Кыргызстандагы күйүүчү майдын өлчөмү бир айга жетет

15:29, 18 октября 2017, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандагы күйүүчү майдын өлчөмү бир айга жетет. Бул тууралуу Нефтетрейдерлердин ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов билдирди.

«Чек арадагы кырдаалды байкап турабыз. Азырынча баары тынч. Дайым эле бир айга жетерлик запас түзүп турабыз», — деди ал.

Улан Куловдун айтымында, акыркы мезгилде Казакстандан күйүүчү майды аткезчилик жолу менен алып келүү токтотулган.

Эскерте кетсек, 10-октябрдан тарта Казакстан Кыргызстан менен чек араны күчөтүлгөн режимде кайтарууга өттү. Кыргыз-казак өткөрүү бекеттеринин баарында унаа жана киши тыгыны жаралууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика