Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кесиптеши Кайрат Осмоналиевдин билдирүүсүн текшерүү сунушу менен Башкы прокуратурага кайрылат. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Боршайкомдун мүчөмү Гүлнара Журабаева билдирди.
Кечээ Кайрат Осмоналиев журналисттерге 15-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн БШКнын айрым мүчөлөрүн акчага сатып алуу аракети көрүлүп жаткандыгын айткан.
«Бул чагымчылдык. БШКнын атын жамандоо аракети болуп жатат. Башкы прокуратура текшериш керек», — деди Гүлнара Журабаева.