21:15
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 1 декабрда өтүшү керек

Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 1 декабрда өтүшү керек. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Боршайкомдун мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди.

Анын айтымында, президент Алмазбек Атамбаев 1-декабрда кызматтан кетиши керек.

Эскерте кетсек, азыркы президент 2011-жылдын 1-декабрында ишке киришкен.

Президенттин аппаратынын билдирүүсүндө, Жээнбековдун инаугурациясы декабрга чейин да өтүп калышы мүмкүн. Так күнү Боршайком шайлоонун жыйынтыгын расмий жарыялагандан кийин белгилүү болот.

БШК шайлоо жыйынтыгын 20 күн ичинде жарыялашы керек.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума