21:57
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Сапар Исаков Сочиде эки тараптуу жолугушууларды жүргүзбөйт

Бүгүн премьер-министр Сапар Исаков КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын саммитине катышат.

Түшкө чейин КМШ мамлекеттеринин башчыларынын жыйыны өтөт. Күндүн экинчи жарымында Евразия экономикалык биримдигинин отуруму болот. Россиялык ЖМК Владимир Путин мамлекет башчылары менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөрүн жазган. Бирок, өкмөттүн аппаратынан Сапар Исаковдун башка өлкө башчылары менен жолугушуусу пландалбаганын айтышты.

Эскерте кетсек, президент Алмазбек Атамбев шайлоо байланыштуу Сочиге баруудан баш тартып, ордуна Сапар Исаковду жөнөттү.

Эң көп окулган жаңылыктар