Темир Жумакадыровдун унаасы менен кагышкан КамАЗдын айдоочусу эки айга камалды. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, айдоочу спирттик ичимдиктерге текшерүүдөн өткөн. Алдын-ала маалыматтар анын мас эместигин ырастады. Бирок, дыкат текшерүүнүн жыйынтыгы 10 күндө белгилүү болот.
Эскерте кетсек, 7-октябрда Бишкек-Кара-Балта жолунун 36-чакырымында жол кырсыгы катталган. Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров бара жаткан ууна КамАЗ менен сүзүшүп кеткен. Темир Жумакадыров менен бирге, анын айдоочусу жана жардамчысы көз жумду.
КамАЗдын айдоочусу 1992-жылы туулган Панфилов районунун тургуну.