15:28
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

«24.kg» агенттиги Сооронбай Жээнбековго 5 миллион сом төлөп бериши керек

«24.kg» агенттиги президенттик кызматка талапкер Сооронбай Жээнбековго сотто утулуп калды.

Кечээ Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда КСДП партиясынын талапкеринин маалымат агентигине доо арызын каралды. Доо агенттиктин интернет баракчасында жарыяланган эркин журналист Кабай Карабековдун «Сочиге сапар. Кремлге дагы бир жолу мураскерди жакшылап сыпаттоо?» — деген макаласына байланыштуу берилген. Жээнбеков макала аны атайын каралоо үчүн жазылганын айтып, сотко кайрылган.

Белгилей кетсек, Жээнбековдун штабынын талабы менен макала ошол эле күнү сайттан алынган. 

Сотто эки сааттык кароонун жыйынтыгында чечим чыгып, агенттик 5 миллион, Кабай Карабеков 5 миллион сом төлөп бермей болду.

Эң көп окулган жаңылыктар